Кыргызстандын улуттук курамасы Азиялык жаштар пара оюндарына катышат

Спорт 02 Декабрь 2025 14:50
594116465_867635178943034_1715889076241564645_n.jpg
593585729_867635108943041_7980104174900136907_n.jpg
593582048_867633695609849_6411226826057255072_n.jpg
593612033_867633815609837_7716108888966679880_n.jpg
593606291_867633798943172_1079756617333326295_n.jpg
593571134_867633868943165_1058425153467284114_n.jpg
Алдыга
Артка
594116465_867635178943034_1715889076241564645_n.jpg
593585729_867635108943041_7980104174900136907_n.jpg
593582048_867633695609849_6411226826057255072_n.jpg
593612033_867633815609837_7716108888966679880_n.jpg
593606291_867633798943172_1079756617333326295_n.jpg
593571134_867633868943165_1058425153467284114_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Бишкекте Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтө турган Азиялык жаштар пара оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземи болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, ошондой эле спортсмендер, машыктыруучулар жана спортсмендердин коштоочулары катышты.

Эдил Байсалов спортчуларды жооптуу мелдеш алдында өлкөнүн намысын татыктуу коргоого чакырып, алардын эрктүүлүгү, туруктуулугу жана өз күчүнө болгон ишенимин жаш муундар үчүн чоң үлгү катары белгиледи.

Спорт агенттигинин жетекчиси Казыбек Молдажиев да куттуктоо сөзүндө ар бир аракет жана ар бир чечкиндүү кадам Кыргызстандын спорт тарыхына алтын тамгалар менен жазыларын айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук курама команданын капитаны, пара пауэрлифтинг боюнча спортсмен Азизбек Нарбаевге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Азиялык жаштар пара оюндары 7-14-декабрь күндөрү өтүп, Кыргызстандан жалпы 40 адамдан турган делегация барат. Алардын курамында 20 спортчу, 10 машыктыруучу жана команданын башка мүчөлөрү бар. Кыргызстандын спортсмендери сууда сүзүү, таэквондо, жеңил атлетика, стол тенниси, пауэрлифтинг, голбол, армрестлинг жана бочча сыяктуу спорттун 8 түрү боюнча таймашат