Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7 айда $10 млрд түздү

Экономика 14 сентябрь 2026 18:50
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7 айда $10 млрд түздү

Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. 2026-жылдын январь-июлунда республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 10 млрд АКШ долларын түздү жана 2025-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 7,7 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 3,7 млрд АКШ долларын түздү. Бул 2025-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 5,4 пайызга өстү.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр 2%га төмөндөдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 7,2%га көбөйдү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,1 пайыз) жана Казакстанга (32,4 пайыз) туура келди.