Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 4,6 млрд долларга жетти

Экономика Загрузка... 13 Июнь 2025 13:32
trendy-ekonomiki_75.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 2025-жылдын январь-апрель айларында 4 млрд 592,4 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,7%га азайган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, экспорттук жеткирүүлөр 8,2%га, импорттук түшүүлөр 12,3%га кыскарган.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-апрель айларында 1 миллиард 472,7 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 3,8%га өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен республиканын бул мезгилдеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россия менен 67,6% жана Казакстан 30,2% түзгөн.