Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,6 пайызга төмөндөдү

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 12:21
2.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Январь-октябрда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 12 млрд 803,5 млн долларды түздү.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, бул 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 10,6 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 38,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 0,3 пайызгы төмөндөдү.

2025-жылдын январь-октябрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү эң көп үлүшү Россияга (64,3 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келди. 

Безымянный