Кыргызстандын ТИМ башчысы Нью-Йорк шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Саясат Загрузка... 09 Апрель 2025 11:29
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарына болгон иш сапарынын алкагында аймактык топтордун, анын ичинде Ислам кызматташтык уюмунун, ошондой эле Латын Американын өлкөлөрүнүн жана Кариб коомчулугунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарын белгилеп, Борбор Азия чөлкөмүндө жетишилген жыйынтыктар тууралуу маалымат берди. Министр өлкөнүн эл аралык кызматташуу, туруктуу өнүгүү жана аймактык интеграция принциптерине берилгендигине ишендирди.

Тараптар глобалдык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты. Эки тараптуу консультациялар жана жогорку деңгээлдеги сапарлар механизми аркылуу саясий диалогду жана көп кырдуу кызматташтыкты арттыруу боюнча макулдашууларга жетишилди. Өзүнчө көп тараптуу платформада кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде БУУнун шайлануучу органдарына талапкерлерди колдоо да талкууланды.