Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов Ошко келди

Аймак 13 Апрель 2026 14:35
671343118_1295135779471983_6509537928251659907_n.jpg
669980986_1295134999472061_2758508209403142103_n.jpg
670854720_1295134976138730_4675183404972768176_n.jpg
671347395_1295134952805399_1943239904229170750_n.jpg
671583462_1295134116138816_2451463506732453785_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарына дүйнөнүн 372-чи, Россиянын 88-чи, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов иш сапары менен келип, шаардагы космонавттардын ысымын алып жүргөн Ю. Гагарин жана В. Терешкова атындагы орто мектептердин окуучулары менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, космонавтты мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана окуучулар тосуп алышты.

Иш-чарада Салижан Шарипов балалык кыялы, космосту багындырууга болгон аракеттери, космостук учуулары жана жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, окуучуларга алдыга койгон максаттарына умтулууну сунуштап, кыялдарынын орундалышына тилектештигин билдирди.

"12-апрель — Эл аралык авиация жана космонавтика күнүнө карата өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларынын космос мейкиндигин чагылдырган макеттери жана өз колдору менен тарткан сүрөттөрү көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды", — деп айтылат маалыматта.