Кыргызстандын Түштүк Корея, БАЭге экспортунун көлөмү жогорулады - Адылбек Касымалиев

Экономика 19 октябрь 2025 14:49
Кыргызстандын Түштүк Корея, БАЭге экспортунун көлөмү жогорулады - Адылбек Касымалиев
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.10.25. /Кабар/. Кыргызстандын экспортунун көлөмү жогорулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, кыргыз товарларына Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынын кызыгуусу өстү. Корея менен болгон соода 29,5%га жетти, мунун ичинде экспорт 14%га көбөйгөн, ал эми БАЭге экспорт 17%га жогорулады. 

"Тышкы соодада үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 5,7 млрд долларды түздү. Өзбекстан менен болгон соода алакабыз январь-июль айларынын жыйынтыгы менен 20%га көбөйдү: импорт 15,7%га, ал эми экспорт 28%га өстү. Демек, жаныбыздагы мамлекеттер менен интенсивдүү соода-сатыктардын өсүшү сөзсүз өнүгүүгө алып келет", - деди ал.