Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. 12-сентябрда Кыргызстандын элчилиги Түркияда катталган Африка өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларына дипломатиялык кабыл алуу уюштурду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага 20дан ашык Африка өлкөлөрүнүн элчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле Түркиядагы Дипломатиялык корпустун башчысы, Джибутинин элчиси Аден Хусейн Абдиллахи, Анкарадагы африкалык дипломатиялык корпустун башчысы, Түштүк Судандын элчиси Мажок Гуандонг, Анкарадагы араб дипломатиялык корпустун башчысы, Мавританиянын элчиси Ахмет Хамади катышты.
Иш-чарада Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев жана Түштүк Судандын Түркиядагы элчиси Мажок Гуандонг сөз сүйлөштү.
Кабыл алуу Кыргызстандын глобалдык демилгелерин эл аралык аренада, биринчи кезекте БУУнун алкагында алдыга жылдыруу жана дүйнөнүн ар кайсы региондорунан, анын ичинде Африка континентинен келген өнөктөштөр менен кызматташууну бекемдөө максатында уюштурулду.
Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан экономикалык, социалдык жана саясий реформалар тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча, акыркы 4 жылда Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш байкалып, өнөр жай жана курулуш тармактары жигердүү өнүгүп, финансылык система чыңдалып, инвестициялык климат жакшырганы белгиленди.
Саясий диалогду активдештирүүгө жана эки тарапты тең кызыктырган түрдүү тармактарда, анын ичинде экономика жана инвестиция боюнча африкалык өлкөлөр менен практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктери айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Руслан Казакбаев африкалык дипломаттарды Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктары менен тааныштырып, өлкөнүн БУУнун Уставынын максаттарына жана принциптерине берилгендигин баса белгилеп, Кыргызстандын туруктуу өнүгүү, эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо, профилактикалык дипломатияны жана медианы колдоо маселелерин илгерилетүүдөгү жигердүү ролуна токтолду.
Иш-чара Кыргызстан менен Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча түз диалогду түзүү, пикир алмашуу жана ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча болду.