Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом Загрузка... 26 Февраль 2025 10:50
482275037_1034471218725604_8551471963754736620_n.jpg
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-февралдан 27-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:

- Ала-Бука — Жаны-Базар — Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);

- Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.