Кыргызстандын ТИМ башчысы Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат

Тышкы саясат Загрузка... 07 Апрель 2025 09:00
02d27be8-ee71-32bb-8d0d-325f6632c55e.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 07.04.25./Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-8-апрель күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сапардын алкагында министр Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин жана анын мындан ары чыңдалышын талкуулашат.

Ошондой эле Башкы катчы менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өткөн жылдын июль айында Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын аткарылышына өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо үчүн аймактык уюмдардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.