2025-жылдын күз айларында тышкы факторлордон улам олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон Кыргызстандын тигүү тармагы бүгүнкү күндө ишин улантып, жаңы шарттарга ыңгайлашууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова билдирди.
Анын айтымында, эң башкысы тармак өндүрүштүк потенциалын жана жумуш орундарын сактап кала алды. Бул мезгилде логистика толук көзөмөлдөнүп, товарлар экспорттолуучу өлкөлөр менен тиешелүү макулдашуулар жүргүзүлдү. Азыркы учурда негизги милдет тармакты туруктуу, ачык-айкын жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүгүү моделине чыгаруу.

"Мамлекет аталган тармакка олуттуу колдоо көрсөтүүдө. 2026-жылдын январында президент Садыр Жапаров тигүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүп, анда көтөрүлгөн бир катар маселелер учурда өзгөчө тартипте каралып, мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө турат. Азыркы учурда ыкчам штаб иш алып барууда. Буга чейин пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу жеңилдетилген насыялоо программасы боюнча болжол менен 1,5 млрд сом көлөмүндө насыялар берилди.
Кепилдик фонду тарабынан 113,8 млн сом өлчөмүндө 10 кепилдик берилип, жалпысынан алганда 289 млн сомдук долбоорлор жактырылды. Мындан тышкары, 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль тармагындагы субъекттер үчүн олуттуу жеңилдиктер киргизилди. Атап айтканда, киреше салыгы 1 пайызга чейин төмөндөтүлдү, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкалары да кыскартылды", — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, мурда жалпы жүктөм болжол менен 9500–9800 сомду түзсө, азыр ал 2555 сомго чейин төмөндөтүлдү. 2026-жылдын аягына чейин рейддик салыктык текшерүүлөргө жана ККМ боюнча салыктык көзөмөлгө тыюу салынган. Экономика министрлигинин базасында өндүрүшчүлөр продукциясын тоскоолдуксуз экспорттой алышы үчүн иш циклинин бардык этаптары боюнча окутуулар өткөрүлүүдө. Ошол эле учурда тармакты өнүктүрүүнүн стратегиялык чаралары, кластердик долбоорлор даярдалып, буйрутма берүүчүлөр менен Кыргызстанда буйрутмаларды жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Бул процесс этап-этабы менен жүргүзүлүп, ар бир ишканага өзүнчө мамиле жасалууда. Башынан эле ачык-айкын иштеп келгендер бүгүн туруктуу иштеп жатышат. Ал эми көмүскөдө же жарым-жартылай көмүскөдө иштегендер боюнча мамлекет жазалоочу позицияны карманбайт. Аларга да колдоо жана жардам көрсөтүлүп, ар бир учур өзүнчө каралууда. Башкача айтканда, иш формалдуу эмес, түздөн-түз ар бир ишкана менен жеке тартипте иш жүргүзүлүүдө. Максат жазалоо эмес, тармакты акырындап ачык-айкын, туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү иштөө ыкмасына өткөрүү", — деп кошумчалады ал.

Ал эми "Моно Мисс" тигүү фабрикасынын директору Асел Абдразакова ишкана төрт жылдан бери иштеп келе жатканын жана 120дан ашык адамды жумуш менен камсыздап жатканын билдирди.
"Биз эки жылдан бери ачык-айкын иштеп келебиз. Пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, быйыл беш жылдык мөөнөткө 100 млн сом алдык. Бул каражаттарды товар жүгүртүүгө жумшайбыз, анткени бизде чоң буйрутма берүүчүлөр бар, келишимдер 200 млн сомдон ашат жана жүгүртүү каражаттары бизге зарыл. Каражаттар Кытайдан жана Өзбекстандан сатып алынуучу чийки өндүрүшкө жумшалат", — деди ал.

Анын айтымында, фабрика ай сайын 30 миңден ашык продукция чыгарып, негизинен Россияга экспорттойт. Ал ошондой эле учурдагы шарттар бизнес үчүн кыйла ыңгайлуу болуп калганын белгиледи.
Ошентип, кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстандын тигүү тармагы туруктуулугун сактап, акырындап ачык-айкын жана атаандаштыкка жөндөмдүү иштөө ыкмасына өтүүдө. Тармактык ишканалар мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, өзүнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүнү улантууда.