Кыргызстандын тез өнүгүп жатканын байкадым – Ван Хайянь

Пикир
Кыргызстандын тез өнүгүп жатканын байкадым – Ван Хайянь

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрү тарыхый мааниге ээ өзгөчө мезгилди башынан өткөрүп, анын ичинде Кыргызстан тез өнүгүп жатканын Россия жана Евразия институтунун директорунун орун басары, Чыгыш Кытай педагогикалык университетинин Казакстанды изилдөө борборунун директору, улук илимий кызматкер Ван Хайянь “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал Бишкекте өтүп жаткан аналитикалык борборлордун VI форумуна катышууга чакырылганы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтты.

“Мени “Жогорку сапаттагы өнүгүү жана биргелешкен модернизация” темасына арналган “Кытай – Борбордук Азия” аналитикалык борборлорунун VI форумуна катышууга чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен мындай форумдарга буга чейин да катышып келгем, бирок Кыргызстанга биринчи жолу келип жатам. Форум жогорку деңгээлде уюштурулуптур.
Бул форум аркылуу бизди кызыктырган бир катар маанилүү маселелерди кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн байкадым. Мисалы, Кытай- Кыргызстан -Өзбекстан темир жолу, транспорт тармагындагы кызматташтык, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарбасы жана башка багыттар камтылган. Бул темалар алты өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ. Аларды тереңирээк талкуулап, кызматташтыктын ар түрдүү тармактарын кеңири камтууга мүмкүнчүлүк бар. Бул абдан жакшы”, — деди ал.

Ван Хайяндын айтымында, Кыргызстан тез өнүгүп жатат жана азыр Борбор Азия өлкөлөрү үчүн тарыхый мааниге ээ өзгөчө жагымдуу мезгил болууда.

“Мен Кыргызстан тез өнүгүп жатканын байкадым. Азыр Борбор Азия өлкөлөрү эң жакшы, тарыхый мааниге ээ мезгилди башынан өткөрүп жатат. Кытай коңшу өлкөлөр менен кызматташтыкты жана өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө умтулат. Биз коңшуларыбыздын жакшы жашап, гүлдөп-өнүгүшүн абдан каалайбыз. Бул форум эң жакшы жыйынтыктарды берет деп ишенем. Анын натыйжалары биздин аймак үчүн гана эмес, дүйнө жана Евразия аймагы үчүн да пайдалуу болот деп ойлойм”, — деп белгиледи Ван Хайянь.