Кыргызстандын спортчулары Азербайжандагы III КМШ оюндарына катышууда

Спорт 30 Сентябрь 2025 15:20
555812331_815308500842369_1077130054005016815_n.jpg
557167815_815307817509104_5884461266619979201_n.jpg
555073549_815308524175700_6185033445287783070_n.jpg
556106807_815308534175699_2221102547739376407_n.jpg
556597878_815308494175703_3095375728273904872_n.jpg
556912966_815308400842379_1867604857493240370_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. 28-сентябрда Азербайжанда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) III оюндары башталды. Салтанаттуу ачылыш аземи Гянджа шаардык стадионунда өтүп, ага Азербайжандын президенти Илхам Алиев катышты.

Мелдештердин программасына ылайык 23 спорт түрү боюнча 246 медаль топтому ойнотулууда.

Аталган оюндарга Кыргызстандан 166 катышуучу барды, анын ичинде 126сы спортчу.

17 жашка чейинки спортчулар төмөнкү 15 спорттун түрү боюнча күч сынашууда:

  • волейбол (балдар жана кыздар);
  • футбол (U-16);
  • баскетбол (3х3);
  • көркөм гимнастика;
  • таэквондо (WT);
  • бокс;
  • самбо;
  • эркин күрөш;
  • грек-рим күрөшү;
  • кыз-келиндер күрөшү;
  • каратэ (WKF);
  • ок атуу;
  • жаа атуу;
  • байдаркада сүзүү;
  • човган.

Спортчулардан тышкары делегациянын курамына машыктыруучулар, калыстар, дарыгерлер жана укалоочулар кирет.

Маалымат үчүн: I КМШ оюндары Татарстандын Казань шаарында өткөн, ал эми II КМШ оюндары Беларуста уюштурулган.