Кыргызстандын ШКУга мүчө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүсү эки эсеге өстү

ШКУ Загрузка... 28 Май 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 28.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын ШКУга мүчө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүсү акыркы 4 жылда эки эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форумунда жана боордош шаарлардын башчыларынын жолугушуусунда билдирди.

Эрлист Акунбеков белгилегендей, 2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 2 млрд 577 млн долларга жетти, ал эми 2025-жылы 11,9 млрд долларды түзгөн.

"Аймактык байланышты чыңдоого багытталган ири инфраструктуралык долбоорлор биз үчүн өзгөчө мааниге ээ", - деген Эрлист Акунбеков учурда Кыргызстандагы ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорду тизмектеп өттү.
  • "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу" долбоору;
  • Кыргыз-кытай чек арасындагы жаңы "Бедел" өткөрүү пунктун куруу;
  • Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушу;

Ошондой эле бир катар ири энергетикалык долбоорлор бар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, бул долбоорлор Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй ШКУ аймагы үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени бул долбоорлор өлкөлөр ортосундагы жаңы транспорттук жана энергетикалык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.