Кыргызстандын президенти 2025-жылы чет өлкөгө 25 сапар жасады

Саясат Загрузка... 15 Январь 2026 14:25
1703127_9bmbMLo.20e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылы чет өлкөлөргө 25 сапар жасады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул сапарлардын ичинен үчөө мамлекеттик, үчөө расмий жана он сегизи жумушчу сапарлар болгон.

Ошондой эле 2025-жылы кол коюу үчүн 633 эл аралык документ даярдалган, алардын ичинен 163ү эки тараптуу, ал эми 407си көп тараптуу мүнөздө.

Белгилей кетсек, жалпысынан 190го жакын жолугушуу жана сапарлар өткөрүлгөн, алардын ичинен алтымышы Кыргызстандын аймагында, ал эми 130га жакыны чет өлкөлөрдө ишке ашкан.