Кыргызстандын паратриатлон боюнча курамасы Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 17 Февраль 2025 12:00
480026175_18346482799196946_1901813098436724614_n.jpg
479993640_18346482808196946_8957551784955074152_n.jpg
Алдыга
Артка
480026175_18346482799196946_1901813098436724614_n.jpg
479993640_18346482808196946_8957551784955074152_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө кубогунда байгелүү орундарга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында болуп өттү.

Алсак, Гүлназ Жузбаева коштоочусу Юлия Фернас менен 3-орунду ээледи.

Ал эми Дастан Камчыбеков коштоочусу Артём Шапилов менен 5-орунду ээледи.

Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.