Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Филиппиндин Субик-Бей шаарында өткөн паратриатлон боюнча Азия чемпионатында 3 медалга ээ болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинде 1 алтын жана 2 күмүш медаль.
Алтын медалга Гүлназ Жүзбаева (гайд — Оксана Рыбакова) ээ болсо, күмүш медалдарды Жаладин Абдувалиев (гайд — Иван Сушков) жана Сезим Мейманбаева (хендлер — Артем Ханадеев) жеңишти.
Мелдеш 5-6-сентябрда өтүп, Кыргызстандын курама командасы эмгек сиңирген машыктыруучу Андрей Ханадеевдин жетекчилиги алдында катышты.