Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Дүйнө кубогунда 3 медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Черногориянын Будва шаарында болуп өттү.
Балдар арасында 57 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев күмүш медалга ээ болду. Ал эми Өмүрбек Малабаев 92 кг чейинки салмак категориясында 3-орунду ээледи.
Курама команда улук машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучулар Адилет Сабатаров, Болот Моңолдоров, Владислав Визилтердин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ал эми кыздар арасында 70 кг чейинки салмакта Зарина Асанова коло медалга ээ болду.
Курама команда улук машыктыруучу Рустам Есенкуловдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.