Легендарлуу мушкер Рой Жонс Ош шаарына келди

Аймак 1 октябрь 2026 09:20
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Дүйнөлүк бокс тарыхындагы белгилүү мушкерлердин бири, америкалык Рой Жонс 1-октябрда Ош шаарына келди.

Мэриядан билдиришкендей, мушкерди "Ош" эл аралык аэропортунан мэрдин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов жана күйөрмандар тосуп алышты.

Рой Жонс Ош шаарында өтүп жаткан World Boxing Championship Amateur TURKSOY эл аралык турниринин ардактуу коногу катары беттештерге катышат.

Белгилей кетсек, Рой Жонс кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону жана бокс тарыхындагы белгилүү спортчулардын бири.