Кыргызстандын мунайга болгон жылдык керектөөсү 1,5 млн тоннадан ашат

Экономика 21 Август 2026 11:25
5429483689382448322_h685gpO.2e16d0ba.format-we.width-800.png
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын жалпы мунай затына болгон бир жылдык керектөөсү орточо 1,5 миллион тоннадан ашат.  Бул тууралуу министрлер кабинетинин өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Жыйында өлкөнүн ички рыногун мунай заттары менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздоо үчүн мунай заттарын импорттоо, зарыл болгон коруктарды камсыздоо, күйүүчү-майлоочу продуктулары менен иш жүргүзгөн компанияларга мамлекеттик субсидиянын берилиши сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча маалымат угулуп, талкууланды.

Отурумдун соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев отурумдун катышуучуларына өлкөнү мунай заттары менен үзгүлтүксүз камсыздоо, абалдын мониторингин күчөтүү, өлкөдөгү мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир компания менен иш алып баруу, импорттоо боюнча жаңы келишимдерди түзүү, мамлекеттик чек арада логистика маселесин чечүү жана зарыл болгон чараларды өз убагында көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.