Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын TRT AVAZ телекорпорациясынын башкы координатору Юджель Кылычкая менен жолугушту.
ТИМден илдиришкендей, Руслан Казакбаев Юджель Кылычкаяны TRT AVAZ телеканалынын координатору болуп дайындалышы менен куттуктап, анын медиа тармагындагы профессионалдык тажрыйбасы мындан ары да кыргыз-түрк кызматташтыгынын телекөрсөтүү, маалымат жана журналистика тармагында өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз жана түрк ММКларынын ортосундагы көп жылдык ийгиликтүү кызматташтыктын жыйынтыктарын талкуулашты, ошондой эле маалымат алмашуу жана маданий демилгелер жаатындагы өнөктөштүктү улантуу боюнча пландарды белгилешти.
Элчи Руслан Казакбаев кыргыз тарап үчүн TRT AVAZ ММК жаатында санариптештирүү, анын ичинде жасалма интеллект системасын киргизүү тажрыйбасы кызыктуу экенин белгиледи.
Тараптар мындан аркы өз ара аракеттешүүнү, тактап айтканда, кыргыз тараптын сунушу боюнча TRT AVAZ телекорпорациясынын базасында кыргыз медиа тармагындагы кызматкерлери үчүн окуу курстарын, стажировка уюштуруу тууралуу макулдашты.