Кыргызстандын маморган жана банк кызматкерлери АКШнын санкциялык саясаты боюнча окуудан өттү

Экономика Загрузка... 17 Апрель 2025 13:03
sz700.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/. АКШнын Финансы министрлигинин Чет өлкө активдерин контролдоо башкармалыгы (OFAC) тарабынан АКШнын санкциялык талаптарын сактоо маселелери боюнча онлайн-окутуу өттү.  

Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришкендей, окутуунун жүрүшүндө АКШнын санкциялык саясаты, анын ичинде санкциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү чаралары, санкциялык операцияларды текшерүү жана аларга мониторинг жүргүзүү, санкция белгиленген банктар жана жактар менен кызматташуу тобокелдиктери жөнүндө кеңири түшүндүрмөлөр берилди. 

Окутууга 100гө жакын адам, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук банкынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана дээрлик бардык коммерциялык банктардын комплаенс жана контролдоо кызматтарынын жетекчилери катышты.