Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Акыркы маалыматтардын негизинде кийинки жылдарга түзүлгөн божомолдорго ылайык, мамлекеттик бюджет 2026-2027-жылдары профицитке чыгат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Азисбек Бексултанов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, консолидацияланган бюджеттин өсүшү өзгөчө социалдык жактан мектеп, ооруканаларды курууга, мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлыктарын көтөрүүгө чоң жардам берет.
“Жылдын аягындагы консолидацияланган бюджет триллиондон ашаары бул жакшы жаңылык. Консолидацияланган бюджет деген кыскача айтканда - жалпыланган бюджет. Мисалы, мындан 10-15 жыл мурда республикалык жана жергиликтүү бюджет болуп мамлекеттик бюджет экиге бөлүнчү. Учурда биздин консолидацияланган бюджетке - республикалык бюджет, Социалдык фонддун бюджети, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жана жергиликтүү бюджеттер кирет. Ушулардын бардыгы жалпы консолидацияланган бюджет болуп эсептелет”,- деди Бексултанов.
Маалымдалгандай, мурда Социалдык фонддун бюджети, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети атайын бюджетке кирбеген фонд болуп өзүнчө кирчү. Ал эми акыркы жылдары өкмөт жалпы консолидацияланган бюджет деп кабыл алып, ошонун негизинде учурда эсеп-тактоолор жүргүзүлүүдө.
“Биздин Улуттук статистикалык комитет, Финансы министрлиги жыл сайын, жана квартал сайын салыштыруу анализдерин, талдоолорду жүргүзүп турат. 2010-жылы 96 млрд сом болсо, 2015-жылы 196 млрд сомго жеткен. 2020-жылы ковид учурунда көптөгөн ишканалар иштебей, көрсөткүчтөрүбүз төмөн болгон мезгилде консолидацияланган бюджет 247 млрд сомду түзгөн. 2021-жылы бардык экономикалык тармактарда өсүү болуп, 313 млрд сомду түзсө, ал эми 2024-жылы 689,1 млрд сомду түзгөн. Акыркы маалыматтардын негизинде бүгүнкү күнгө 700 млрд сом болуп жатса, 2026, 2027-жылга да биздин болжолдоолор жарыяланды”,- деди ал.