Кыргызстандын "Курак" тасмасы Пусан кинофестивалында кош сыйлыкка татыды

Маданият 02 Октябрь 2025 11:20
558297424_1100676875557401_6929289915836710930_n (1).jpg
557622917_1100677048890717_3692491949966303549_n (1).jpg
557639349_1100676895557399_8333152706809168149_n.jpg
557657346_1100677082224047_6271796901169284849_n.jpg
557031364_1100676978890724_171687155021521661_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. 17–27-сентябрда Кореяда өткөн Азия жана Океания чөлкөмүндөгү эң ири Пусан эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалга кыргыз кинематографисттеринин жоон тобу катышып, “Курак” тасмасы эки сыйлыкка ээ болду.

Тактап айтсак, “Азиялык көз караш” конкурсунда Эрке Жумакматова жана Эмил Атагелдиевдин “Курак” тасмасы “Бангладеш – Июль мемориалдык” жана Ким Жисеок атындагы сыйлыктарга татыды.

Ошондой эле Бишкек эл аралык кинофестивалы Asian Vision конкурсунун расмий өнөктөшү болуп, Кыргызстандын атынан индонезиялык “Кучагында отуруу” фильмин сыйлады. Улан Адамалиев бул тасманы энелердин кайратын чагылдырган терең чыгармасы үчүн жогору баалады.

Пусан кинофестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун тажрыйба алмашуусунун эң ири аянтчасы. Кыргыз киночуларынын катышуусу улуттук кинонун эл аралык абалын чыңдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.