Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жаңы имаратка көчтү – дареги

Коом Загрузка... 14 Май 2025 15:30
2 (3).jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жаңы имаратка көчүрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, учурда элчилик Сеул шаары, Чонно-гу, Чонгун-донг, 53-57 (Чахамун-ро, 125-12) дареги боюнча иш алып барууда.

Жаңы имарат Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, негизги метро жана автобус багыттарына жакын болгондуктан элчиликке жетүү кыйла жеңилдейт.

Белгиленгендей, бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: +82 10 9527 9020 (өзгөчө кырдаалдар үчүн: +82 10 9798 0951).