Кыргызстандын өкүлдөрү Наманган – 64 Гүлдөр фестивалына катышууда

Коом Загрузка... 27 Май 2025 14:28
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 27.05.27. /Кабар/ . Кыргызстандын Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, облустарынан келген делегациялар Наманган шаарында өтүп жаткан Гүлдөр фестивалына катышууда.

Наманган облусу акимчилигинин басма сөз кызматынан маалыматына ылайык, кыргыстандыктар бул фестивалда кооз гүл жасалгалары, улуттук көргөзмөлөрү жана бай маданий программасы менен катышып, катышуучулардын купулуна толууда.

Иш-чара алкагында Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев жана Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Илияc Ташбаев Наманган облусунун хокими Шавкат Абдураззаков менен жолугушту.

Жолугушууда Өзбекстан жана Кыргызстандын президенттеринин бекем саясий эрки жана достук мамилелеринин негизинде кызматташтык улам кеңейип жатканы, бул болсо эки мамлекеттин элинин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып жатканы белгиленди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты дагы да бекемдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени баса белгиленди. Коноктор быйылкы иш-чарага чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: 2024-жылы Наманган облусунун Кыргызстан менен өз ара товар алмашуу көлөмү болжол менен 100 млн АКШ долларын түзүп, акыркы беш жыл ичинде үч эсеге өстү. Быйыл бул көрсөткүчтү 150 млн АКШ долларына жеткирүү максаты коюлган.