Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. 27-ноябрда Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити азыркы геосаясий кырдаалда аймактык туруктуулукту сактоо, террордук мүнөздөгү коркунучтарды жана экстремизмдин көрүнүштөрүн нейтралдаштыруу маселелеринде өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталат.
ЖККУ катчылыгынан "Кабар" маалымат агенттигине билдиришкендей, саммитте эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүнүн кеңири спектрин талкуулоо жана уюмдун ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын чыгаруу пландалууда.
Бишкектеги саммитте ЖККУга төрагалык Кыргызстандан Россияга өтөт. Ага ылайык, россиялык тарап алдыдагы мезгилге карата өзүнүн артыкчылыктарын сунуштайт.
Ошол эле учурда башкаруу органдарындагы жетекчилик курамды ротациялоонун белгиленген тартибине ылайык, Кыргызстан президенттердин бекитүүсүнө ЖККУнун башкы катчысы кызматына талапкерди сунуштайт.
"Жамааттык коопсуздукту чыңдоонун ар кандай аспектилерине тиешелүү көп сандаган документтердин пакети мамлекет башчыларынын кароосуна киргизилет. Дүйнөдөгү жана ЖККУнун аймагындагы абалга баа берүүнү, ошондой эле аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоого болгон мамилелерди камтыган ЖККУнун декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда", - деп билдиришти катчылыктан.