Кыргызстандын кардиохирургиясы өсүү жолунда гана болот деп ойлойм – балдар кадиологу

Ден соолук Загрузка... 17 Сентябрь 2025 13:06
WhatsApp Image 2025-09-17 at 12.39.24 (4).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Бүгүн "Ынтымак Ордодо" өлкөнүн социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланып, алкышка татыды.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды.

Сыйлыкка татыгандардын катарын 20 жылдан бери саламаттык сактоо тармагында эмгектенип келе жаткан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча илимий-изилдөө институтунун балдар кардиологу Кайырниса Тилемамбетова толуктайт. Дарыгер Кыргызстандагы жүрөктун туубаса кемтик оорусу менен жабыркаган балдарга медициналык көзөмөл жүргүзүп турат.

“Балдар биздин көзөмөлүбүздө турат дайыма. Аларга медициналык жактан кеп-кеңештерди беребиз. Операцияга муктаж болсо, операция жасайбыз. Балдарды операцияга чейин жана операциядан кийин көзөмөлдөөнү жүргүзүп келем. Бүгүнкү күндө жаш балдар арасында жүрөк оорулары көбөйүп жатат. Ошого байланыштуу бул маселени колдон келишинче алдын алганга, өз убагында бейтаптарга жардам көрсөтүүгө аракет кылып келе жатабыз. Акыркы кездерде кардиохирургиянын өнүгүшүнө материалдык жактан колдоолор көрсөтүлүүдө. Мунун баары кыргыз кардиохирургиясынын өсүү жолуна гана түшүшүнө көмөк берет деп ойлойм”, - дейт дарыгер.

Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин ардак грамотасы жана алкышы 70тен ашык кыргызстандыкка ыйгарылды.