Кыргызстандын капчыгына 3 алтын медаль: Кыргыз күрөшүнүн жыйынтыгы

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 21:00
Кыргызстандын капчыгына 3 алтын медаль: Кыргыз күрөшүнүн жыйынтыгы
copyright icon KABAR Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер өтүп, Кыргызстандын балбандары үч салмак категориясынын тең жеңүүчүсү болушту.

Мелдешке дүйнөнүн 43 мамлекетинен жалпы 81 спортчу катышты.

60 кг чейинки салмакта:

  • 1-орун — Толубай Шүкүров (Кыргызстан);
  • 2-орун — Жамоллиддин Нематуллаев (Өзбекстан);
  • 3-орун — Георгий Инашвили (Грузия);
  • 3-орун — Мунхбат Ганкуяж (Монголия).

84 кг чейинки салмакта:

  • 1-орун — Азизхан Мусабек уулу (Кыргызстан);
  • 2-орун — Хусан Абдухамидов (Өзбекстан);
  • 3-орун — Навруз Каримзод (Тажикстан);
  • 3-орун — Атагелди Тежендурдыев (Түркмөнстан).

100 кг жогору салмакта:

  • 1-орун — Бактияр Мирлан уулу (Кыргызстан);
  • 2-орун — Алмас Жумагали (Казакстан);
  • 3-орун — Сарвар Икромов (Өзбекстан);
  • 3-орун — Бат-Оршкин Батсуури (Монголия).

Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары үч салмак категориясында тең алтын медаль тагынышты.

Байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду ээлеген спортчуларга 150 миң сом, 2-орунга 100 миң сом, 3-орунга 80 миң сом берилди.