Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Кырчын жайлоосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы этномаданий шаарчасында эл аралык маданий-туристтик этнобазар иштеп жатат.
Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, этнобазарга жергиликтүү ишкерлер жана кол өнөрчүлөр активдүү катышып, аймактын улуттук баалуулуктарын, салттуу кол өнөрчүлүгүн таанытууда.
Баткендик кол өнөрчүлөр тарабынан улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн териден, жыгачтан жасалган кол эмгектери, шырдактар, сувенирлер, улуттук буюмдар жана башка салттуу өнөрдүн үлгүлөрү тартууланууда.
Ал эми ишкерлер Баткен жергесинде өндүрүлгөн улуттук азыктарды, таттууларды, кургатылган мөмө-жемиштерди жана жергиликтүү продукцияларды сунуштап жатышат.
Этнобазар — көчмөн элдердин салттуу кол өнөрчүлүгүн жана соода маданиятын таанытуу менен бирге, ишкерлер менен кол өнөрчүлөрдүн тажрыйба алмашуусуна, жаңы байланыштарды түзүүсүнө жана жергиликтүү продукцияларды кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк түзгөн маанилүү аянтча болууда.