Кырчынга кошумча автобус каттамдары кошулду

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 18:38

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.

Оюндардын медиа штабынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата оюндарды көрүүгө келгендердин саны 200 миңден ашты.

Жарандарга Чолпон-Атанын аймагынан Кырчын жайлоосуна чейин акысыз маршруттук каттамдар уюштурулган.

“Кечээ, 2-сентябрда келген коноктордун саны көп болгондуктан, бүгүн кошумча автобустар каттамга кошулду.
Жарандарды Кырчын жайлоосуна жана шаарга ташууда азыркы учурда эч кандай тартыштык жок”,-деп айтылат маалыматта.