Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамдан ашты

Коом
Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамдан ашты
Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамдан ашты
Алдыга
Артка
Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамдан ашты
Кыргызстандын калкынын саны 7,3 млн адамдан ашты
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын саны 2025-жылдын январь-март айларында 26,4 миң адамга же 0,4%га жогорулады. 1-апрелге карата калктын саны 7 млн 308 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

2025-жылдын январь-мартында ЖААК органдарында 31,8 миң ымыркай катталган, же 1 000 кишиге 17,7 ымыркай туура келет (2024-жылдын январь-мартында 19,3) жана 8,4 миң адам каза болгон, же 1000 кишиге 4,7 адам туура келет (2024-ж. январь-мартта - 4,8).

Жыйынтыгында, калктын өсүшү 23,4 миң адамды же 1 000 кишиге 13,0 адам туура келет (2024-жылдын январь-марты - 14,5).

2025-жылдын январь-март айларында калктын өсүшүнүн деңгээли Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында байкалган, ал эми Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда эң аз көрсөткүч катталды.