Кыргызстандын исламдык камсыздандыруу тажрыйбасы Лондондо тааныштырылды

Коом Загрузка... 09 Июль 2026 17:40

Бишкек, 09.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму Лондон шаарында өткөн 14-Эл аралык такафул камсыздандыруу саммитине катышты. Бул тууралуу уюмдан билдиришти.

Анда белгиленгендей, уюм иш-чарада төмөнкү стратегиялык максаттарды ишке ашырды:

  • Кыргызстандагы исламдык камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча топтолгон тажрыйбаны эл аралык деңгээлде тааныштыруу жана мастер-класс өткөрүү;
  • Исламдык камсыздандыруунун дүйнөлүк тажрыйбасын, жаңы тенденцияларын жана рыноктун өнүгүү багыттарын изилдөө;
  • Чет өлкөлүк такафул жана кайра камсыздандыруу компаниялары менен түз байланыштарды түзүп, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү.

Ошондой эле анда уюмдун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев “Борбор Азиядагы такафул: Кыргызстанда исламдык камсыздандырууну мыйзамдык деңгээлде киргизүүдөгү уникалдуу тажрыйба” аттуу баяндама жасады.

Кыргызстанда исламдык камсыздандырууну өнүктүрүүдөгү реформалар, укуктук негиздерди түзүү, мамлекеттик колдоо механизмдери жана уюмдун практикалык ишмердүүлүгү кеңири тааныштырылды.

Маалымат үчүн: Саммит исламдык камсыздандыруу (такафул) тармагындагы дүйнөдөгү эң абройлуу аянтчалардын бири болуп саналат. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн келген камсыздандыруу компанияларынын жетекчилери, жөнгө салуучу органдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана такафул рыногунун катышуучулары чогулушту. Алардын катарында Маркус Жонсон, Исмаил Махбоб, Кейт Тонг, Майкл Маккорд, Шейх Зубаир Миа, профессор Игбал Асария, Махеш Мистри, Адхираж Майтра жана башка эл аралык эксперттер болду.