Өлкөнүн инвестициялык стратегиясы – улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу – Касымалиев

Экономика Загрузка... 15 Декабрь 2025 17:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Кыргызстандын инвестициялык стратегиясы – бул улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес” форумунда билдирди.

Анда төрага инвестициялар экономикалык өсүштүн негизи экенин белгилеп, акыркы 5 жылда өлкөдө туруктуулук камсыздалып, бийлик менен бизнестин мамилеси жакшырганын, көмүскө экономика кыскарып, реформалардын натыйжасында ички ресурстар активдүү ишке тартыла баштаганын белгиледи.

“Кандай гана мамлекет болбосун инвестициялар экономикалык өсүштүн, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги булагы. Убакыт инвестордун негизги капиталы болсо, өлкө ичиндеги туруктуулук мамлекеттин жана бизнестин ийгиликтеринин ачкычы. Кыргызстандын инвестициялык стратегиясы – бул улуттук жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, экономиканы туруктуу өнүктүрүү жана социологиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик мамлекеттик деңгээлде белгиленген иштердин системасы.

Акыркы 5 жылда биздин өлкөдө кандай өзгөрүүлөр болуп жаткандыгына күбө болуп жатасыздар. Айрыкча, бийлик менен бизнестин ортосундагы мамиле позитивдүү жакшырууда. Муну биз борбор шаарда курулуп жаткан имараттардан эле байкасак болот. Экономика жөн гана калыбына келбестен олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. Акыркы 5 жылдагы өлкөнүн ИДПсы дээрлик 3 эсеге өстү. Ал эми быйылкы жылдын 11 айындагы анын өсүү темпи 10,1%ды түздү. Мындай прогресс биринчи кезекте өлкөнүн ички ресурстарын толугураак пайдалануунун натыйжасы. 5 жыл мурун эле көмүскө экономика реалдуу экономикага караганда көбүрөөк болсо, азыр бул абал кескин өзгөрдү. Коррупцияга айрыкча, криминалга каршы катаал күрөш жүргүзүлдү. Салык саясатында да заманбап техника жана технологиялардын жардамы менен тартип орнотулууда. Бажы системасындагы, чек аралардагы айырмачылыктар кескин кыскарды. Мамлекеттик бюджет социалдык процесстер үчүн дагы, реалдуу сектор үчүн дагы маанилүү роль ойной баштады. Жылына жүздөн ашуун социалдык объект жана өнөр жай ишканасы ачылууда. Алардын көбү ички ресурстардын эсебинен ишке ашууда”,-деди Касымалиев.