Кыргызстандын ИДПсы жыл башынан бери 573 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 13 Июнь 2025 10:15
1061344894_0_322_3067_2047_1920x0_80_0_0_558a634a1fa928c2fc3d3783ade14129.jpg
copyright icon www

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-май айларында республиканын экономикасында негизги көрсөткүчтөр боюнча өсүү байкалды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын январь-май айларында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 573 миллиард сомдон ашып, 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 12,3 пайызга өскөн.

Шокенов белгилегендей, ИДПда тейлөө тармагынын үлүшү 53%, товардык өндүрүш тармактары 19%, продукцияга салыктар 17% түзөт.