Кыргызстандын ички темир жол тармагы жаңы деңгээлге чыгат

Экономика Загрузка... 03 Февраль 2026 16:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте америкалык All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын февраль айында кол коюлган мамлекетик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жаткан «Макмал – Каракол темир жолун куруу» долбоорунун аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Долбоор Кыргызстандын ички темир жол тармагын өнүктүрүүгө, ошондой эле Трансевразиялык транспорттук маршрутту мындан ары калыптандыруу жана интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Талкуунун жүрүшүндө темир жол тармагында алдыңкы жана инновациялык технологияларды тартуу жана колдонуу, ошондой эле дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларды пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Долбоорду ишке ашыруу региондордун транспорттук байланыштуулугун жогорулатууга, өлкөнүн транзиттик потенциалын бекемдөөгө жана экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө түзөт.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров долбоор өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык маанисин белгилеп, аны практикалык жүзөгө ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Тараптар мындан аркы кызматташууга өз ара кызыкдар экендиктерин белгилеп, долбоорду илгерилетүү боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.