Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы дүйнө чемпиону болду

Спорт 25 Январь 2026 10:38
WhatsApp Image 2026-01-25 at 10.19.26.jpeg
DSC08438.JPG.jpeg
DSC08457.JPG.jpeg
DSC08467.JPG.jpeg
DSC08480.JPG.jpeg
DSC08492.JPG.jpeg
DSC08766.JPG.jpeg
DSC08495.JPG.jpeg
DSC08499.JPG.jpeg
DSC08506.JPG (1).jpeg
DSC08522.JPG (1).jpeg
DSC08607.JPG.jpeg
DSC08770.JPG.jpeg
DSC08626.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-25 at 10.19.26.jpeg
DSC08438.JPG.jpeg
DSC08457.JPG.jpeg
DSC08467.JPG.jpeg
DSC08480.JPG.jpeg
DSC08492.JPG.jpeg
DSC08766.JPG.jpeg
DSC08495.JPG.jpeg
DSC08499.JPG.jpeg
DSC08506.JPG (1).jpeg
DSC08522.JPG (1).jpeg
DSC08607.JPG.jpeg
DSC08770.JPG.jpeg
DSC08626.JPG.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 25.01.26. /Кабар/. Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы 20 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун В тайпасында алтын медаль утуп, чемпион болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чемпионаттын жүрүшүндө кыргызстандык хоккейчилер ишенимдүү оюн көрсөтүп, өткөрүлгөн беш беттештин баарында тең жеңишке жетишкен.

Кыргызстандын курама командасы Гонконгду 4:1, Түштүк Африканы 7:2, Иранды 15:1, Люксембургду 5:3 жана Мексиканы 7:4 эсебинде утту.

Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар 15 упай топтоп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону аталды.

Алтын медалы багындыруу менен Кыргызстандын жаштар курама командасы кийинки сезондо дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунун А тайпасында ойноо укугуна ээ болду.

Таймашта күмүш медалды Гонконгдун командасы утуп, экинчи орунду камсыздады. Ал эми мексикалыктар коло медаль тагынып, үчүнчү орунга жайгашты.

Белгилей кетсек, 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарындагы “Бишкек Аренада” хоккей боюнча (U-20) жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты (III дивизиондун B тайпасы боюнча) өттү. Мелдеште Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары күч сынашты.