Кыргызстандын грек-рим күрөш боюнча курамасы дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Спорт 23 Сентябрь 2025 15:00
553053113_810391871334032_4192679539723262233_n.jpg
550542503_810391894667363_4376000594803675798_n.jpg
553269398_810391834667369_1192333158358681744_n.jpg
Алдыга
Артка
553053113_810391871334032_4192679539723262233_n.jpg
550542503_810391894667363_4376000594803675798_n.jpg
553269398_810391834667369_1192333158358681744_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 23.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 23-сентябрда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга кайтып келди.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Эске салсак, 13-сентябрдан 21-сентябрга чейин Хорватиянын борбору Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Мелдеш эркин күрөш менен башталып, кыз-келиндер күрөшү уланып, грек-рим күрөшү менен жыйынтыкталды.

Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмак категориясында күч сынашып, дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду.