Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азиянын учурдагы чемпионун жеңди

Спорт 2620 25 Март 2025 22:30
IMG_3683.png
IMG_3684.png
IMG_3685.png
IMG_3686.png
IMG_3687.png
IMG_3688.png
IMG_3689.png
IMG_3683.png
IMG_3684.png
IMG_3692.png
70bafeb5-98c0-4520-affe-74a408700ffa.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3683.png
IMG_3684.png
IMG_3685.png
IMG_3686.png
IMG_3687.png
IMG_3688.png
IMG_3689.png
IMG_3683.png
IMG_3684.png
IMG_3692.png
70bafeb5-98c0-4520-affe-74a408700ffa.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon КФС

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азиянын учурдагы чемпионун жеңди.

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү раунду алкагында, Кыргызстан-Катар футбол беттеши болду. Анда кыргыз футболчулары атаандашын 3:1 эсебинде утуп, жеңишти камсыздады.

Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши. Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Кыргызстандын курама командасы Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте "А" тайпасында жайгашкан.