Кыргызстандын финансы рыногунда кирешелүүлүк ийреги пайда болду - Улуттук банк

Экономика Загрузка... 18 Сентябрь 2025 12:45
Izobrazhenie_WhatsA_SzQZv6C.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Улуттук банк финансы рыногунда кирешелүүлүк ийрегин иштеп чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, бул инструмент пайыздык чен жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөйт.

“Финансы рыногун өнүктүрүү үчүн Улуттук банктын дагы бир маанилүү кадамын айта кетейин. Мамлекеттик баалуу кагаздардын жана Улуттук банктын баалуу кагаздарынын кирешелүүлүк ийри модели иштелип чыкты. Муну иштеп чыгуунун максаты акча рыногунун инструменттеринин пайыздык чени жөнүндө маалыматынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Бул инструментти колдонуу менен рыноктун катышуучулары карыз алуунун учурдагы наркын билип алышат. Өлкөнүн каржы системасынын абалына мониторинг жүргүзөт. Ошондой эле рыноктук факторлордун таасир астындагы баалуу кагаздардын мүмкүн болуучу баа кыймылын болжолдой алышат. Анын негизинде чечимдерди кабыл алат”, - деди ал.

Козубековдун пикиринде, кирешелүүлүк ийреги белгилүү бир убакта акчанын кыргыз сому аркылуу баасын билсе болот.

"Кирешелүүлүк ийреги финансы жана акча рыногунун катышуучуларына келечектеги экономикалык шарттарга жана инфляциялык процесстерге карата күтүүлөрдү түзүүгө мүмкүндүк берген маанилүү көрсөткүч болуп саналат. Кыргыз Республикасынын финансы рыногундагы акча рыногунун эталондук чени жана кирешелүүлүк ийри модели сыяктуу индикаторлордун негизги колдонуучулары каржы рыногунун кесипкөй катышуучулары болуп саналат. Аларга казыначы, коммерциялык банк, инвестор, эл аралык каржы уюмдардын жана чет элдик инвесторлордун өкүлдөрү кирет. Улуттук банк акча рыногун өркүндөтүү боюнча иштерди мындан ары да улантат. Жакын арада биз банктар аралык операциялардын инфраструктурасын өкүндөтүү жана акча-кредиттик саясаттын сигналдарынын экономикага тийгизүүчү каналдарын өркүндөтүүнү пландап жатабыз", - деп кошумчалады Азат Козубеков.