Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын этти экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бул тууралуу “Кыргыз эт” ассоциациясынын президенти Бакытбек Мамытканов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда 1 млрд долларга этти экспорттоо боюнча меморандум түзүлүп, балык, бал жана эт экспорттоо пландалууда.
“Бизде өндүрүлгөн кайсы гана айыл чарба продукциясы болсун бардыгына кошуна мамлекеттерде муктаждык бар. Ал эми этке өзгөчө басым жасалат. Эттин өндүрүмү кандай гана болбосун, бизде Кыргызстанда арзаныраак болот. Биз арпа, жүгөрү сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн эмес, эт түрүндө экспорттогонубуз пайдалуу”, - дейт ассоциациясынын жетекчиси.
Ошондой эле Мамытканов кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу бизде жайыт жана айдоо жерлер кенен болгондуктан, эт багытындагы мал-жандыктарды өстүрүү зарылдыгын билдирди.
“Бизде азыр сүт багытындагы уйлар бар, бирок алардын салмагы аз болот. Эт багытындагы ангус, герефорд, лимузин жана башка тукумдагы уйларды багуу керек. Учурда биздин кошуна өлкөлөр ушул эт багытындагы уйларды бакканга көбүрөөк басым жасап жатышат. Биз бир түрлүү продукциянын көлөмүн көбөйткөндү үйрөнсөк жакшы болмок. Анткени, бизде азыр экспорттоодо көлөм аз болуп жатат. Мисалы, 24-апрелде Анкара шаарында боло турган соода иш-чаранын алкагында 20 тоннадан эт бере аласыңарбы деген суроо-талап болууда. Биз бул көлөмдөгү этти биргеликте чыгарып берүүгө аракет кылабыз. Биздин эттин сапатын дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөр билип калышты. Алсак, бизден Сауд Аравиясы, Түркия, Катар өлкөлөрү эт алабыз деп жатышат”, - дейт ал.