Энергетика министрлиги алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык жогорку деңгээлде экенин билдирди. Гидроэлектростанциялардагы, көмөк чордондордогу жана трансформаторлордогу бардык оңдоо жана алдын алуу иштери графикке ылайык аткарылды, тармакты кышка даярдоо 95 пайызга аяктады.
Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегатты жана Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи агрегатты реконструкциялоо иштери аяктап жатат. Аларды ноябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалган. Жаңы жабдууларды ишке киргизүү өлкөнүн энергетикалык тутумунун кубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу үчүн көмүрдүн кору топтолду. "Кыргызкөмүр" ААК ички муктаждыктарды, анын ичинде Бишкек ЖЭБди толугу менен камсыз кыларын билдирди. Бишкек ЖЭБине быйыл 570 миң тонна көмүр жеткирилет. Республика боюнча жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздалган 72 отун базасы ачылды.

Энергетика министрлиги алдыдагы күз-кыш мезгилине масштабдуу даярдыктар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Ведомствого караштуу бардык ишканалар министрликтин тапшырмаларын аткарышып, иштер аяктоо стадиясында турат.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев оңдоо жана алдын алуу иштеринин жүрүшүн жеке көзөмөлгө алды. Ал жай айларында өлкөнүн бардык тармактык ишканаларын текшерип чыккан. Бүгүнкү күндө энергетиктер даярдыктын акыркы этабын бүтүрүүдө.
Оңдоо иштери гидроэлектростанцияларда, көмөк чордондордо, трансформаторлордо жана башка объектилерде жүргүзүлдү. Мындан тышкары, бир нече жаңы энергетикалык объектилер пайдаланууга берилди.

Өлкөдөгү эң ири энергетикалык объектилердин бири болгон Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү гидроагрегатты реконструкциялоо иштери аяктоо стадиясында турат. Төртүнчү агрегатты пайдаланууга берүү Кыргызстандын жалпы энергетикалык тутумунун кубаттуулугун олуттуу жогорулатат.

Ошол эле учурда Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Келерки жылы бул станциянын үчүнчү жана төртүнчү агрегаттарын жаңыртуу пландаштырылууда.
Жалпысынан, эки ири ГЭСтин гидроагрегаттарын реконструкциялоо 95%га аяктады, аларды пайдаланууга берүү ноябрь айынын аягында – декабрь айынын башында күтүлүүдө.
Электр тармактарынын жана кичи ГЭСтердин даярдыгы
Республика боюнча электр тармактары кышка 95 пайызга даяр. Кичи гидроэлектростанцияларда да акыркы иштер жүрүп жатат. 1-ноябрга чейин бардык даярдык иш-чаралары толугу менен аяктайт.
Өлкөнү көмүр менен камсыздоо
"Кыргызкөмүр" ААКтын башкы директорунун орун басары Амантур Турсуниязов билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөдө түштүктө төрт жана түндүктө бир көмүр кени активдүү иштетилип жатат.

Эң ири Кара-Кече кенинде күн сайын 5 миңден 8 миң тоннага чейин көмүр казылып алынууда. Республика боюнча көмүр менен толук камсыздалган 72 отун базасы ачылган. Бишкек шаарында 14 отун базасы иштеп жатат, аларда көмүр тоннасы 5800 сомдон сатылууда. Чүй облусунда 32 база иштейт, ал жерде баа аралыкка жараша 5500 сомдон 6500 сомго чейин өзгөрүп турат.
Жеке жактар тарабынан көмүр сатуу Монополияга каршы органдын көзөмөлүндө турат.
Турсуниязовдун айтымында, Кыргызстанда казылып жаткан көмүр ички муктаждыктарды, анын ичинде Бишкек ЖЭБинин керектөөсүн толугу менен камсыздайт. Өлкөнүн жылдык көмүр керектөөсү 3,2 млн тоннаны түзөт.

Ошондой эле Кыргызстанда көмүр продукциясынын айрым түрлөрүн автомобиль транспорту менен экспорттоого убактылуу тыюу салынганын белгилеп кетүү керек. Бул чектөөлөр көмүрдү унаа менен экспорттоого жана сыртка ташып чыгууга гана тиешелүү. Бул чаралар 2025-2026-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилде ички рынокто көмүр тартыштыгын алдын алууга жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө багытталган.
Белгиленгендей, ошол эле учурда көмүрдү темир жол транспорту менен ташып чыгууга, ошондой эле майда фракциядагы көмүрдү сатууга жана ташып чыгууга эч кандай чектөөлөр киргизилген жок, бул багыттардагы иштер штаттык режимде уланууда.