Ташкент, 05.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын "Элкарт" жана Өзбекстандын HUMO төлөм системалары өз ара эквайринг долбоорун ишке киргизүүдө. Бул тууралуу HUMO компаниясынын стратегиялык өнүгүү департаментинин директору Ольга Амангелдыева билдирди.
Анын айтымында, жакынкы күндөрү HUMO карталарынын ээлери Кыргызстанда — "Элкарт" системасы иштеген банкоматтарда жана соода түйүндөрүндө — төлөм жүргүзүп, нак акча ала алышат. Ал эми кыргызстандыктар "Элкарт" карталары менен Өзбекстанда ушундай эле мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
"Система 2025-жылдын ноябрь айынын ортосуна чейин Өзбекстандын бардык банкоматтарында жана негизги төлөм терминалдарында иштей баштайт. Толук ишке киргизүү 2026-жылдын биринчи чейрегинде аяктайт. Жаңы система эки өлкөнүн жарандары үчүн сапар маалындагы жана чек арадагы соода байланыштарын жеңилдетет", - деди ал.
Байкоочулардын баамында, "Элкарт" жана HUMO системаларынын өз ара эквайринги чек арага жакын аймактардагы ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми соода түйүндөрү кошумча чыгымсыз жана эл аралык төлөм системаларына кошулбастан коңшу өлкөнүн кардарларынан төлөм кабыл ала алышат.