КР элчиси Казакстан президентинин Телерадиокомплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 10 апрель 2025 09:30
1efabe51-a2b8-3c28-95e7-fa032553ef79.jpeg
530b9ab1-e887-37e5-8e93-82f1d3db52e1.jpeg
c06853e1-5129-3b8e-a683-a487136ab4c1.jpeg
dc27ea47-4f24-37e0-b6c6-ed57bc0f0932.jpeg
cb3efe40-e811-3c3f-94fb-2ecbf88eb0b1.jpeg
d5f317eb-7531-3c07-8c3c-b2543824d9e4.jpeg
174f267a-bee7-3f0b-95ea-201e464c5c3a.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 10.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан президентинин Телерадиокомплексинин директору Раушан Кажыбаева менен жолугушуп, “Silk Way” телеканалынын жана «Казинформ» агенттигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Тараптар медиа чөйрөдөгү кызматташууну, анын ичинде Телерадиокомпаниянын ресурстарында Кыргызстандын туризм жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн илгерилетүү, быйыл Казакстанда өтө турган мастер-класстарга жана эл аралык форумдарга кыргыз ЖМКларынын катышуусун талкуулашты.

“Silk Way” телеканалы аркылуу V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү көрсөтүүсү жана телерадиокомпаниянын котормо бөлүмүнө кыргыз журналисттеринин кошкон салымы белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында элчиликтин материалдарын жарыялоо боюнча да макулдашууга жетишилди.