Кыргызстандын элчиси Эфиопиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды — Кабар

Кыргызстандын элчиси Эфиопиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 16 январь 2026 19:14
1.jpg
4.jpg
3.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
4.jpg
3.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon ТИМ

Бишкек, 16.01.26. /Кабар/. Күн мурун Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын элчиси Адылбек Тултемиров Эфиопиянын президенти Тайе Ацке-Селассие Амдеге ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу аземдин жүрүшүндө элчи президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жеткирип, Кыргызстандын Эфиопия менен эки тараптуу негизде жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө даярдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Эфиопиянын президенти элчи Тултемировду Кыргызстандын Эфиопиядагы биринчи элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-эфиоп мамилелеринин мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстандын президентине ыраазычылык сөздөрүн жана жылуу саламын жолдоду.