Кыргызстандын элчиси Эфиопия тарапка ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат Загрузка... 04 Ноябрь 2025 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.11.25 /Кабар/. Күн мурун Аддис-Абеба шаарында Кыргызстандын Эфиопиядагы элчиси Адылбек Тултемиров Эфиопиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башкы директору Азиза Гелета Дессалегнага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

ТИМден билдиришкендей, Эфиопия тарап элчини бул маанилүү кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Адылбек Тултемиров кыргыз-эфиопия мамилелерин андан ары чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Эфиопиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана келечекте өнүгүү боюнча пикир алмашты.