Венадагы жолугушуу. Кыргызстандын элчиси Австриядагы мекендештер менен жолукту

Коом Загрузка... 22 Апрель 2025 17:49
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Төлөндү Макеев Австрияда жашаган мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздеген аталарыбыздын кошкон салымына арналды.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи КР президентинин "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү жөнүндө" жарлыгынын негизги жоболору менен тааныштырды. Бул Жарлык менен Абдыкерим Сыдыковдун, Иманалы Айдарбековдун, Жусуп Абдрахмановдун, Абдыкадыр Орозбековдун жана Ишеналы Арабаевдин азыркы Кыргызстандын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон тарыхый салымы расмий түрдө тастыкталат.

Элчи ошондой эле алардын элесин жана көрүнүктүү жетишкендиктерин сактап, жаш муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, КР президенти бекиткен "Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер" доктринасына өзгөчө көңүл бурулду. Бул доктрина руханий жана улуттук баалуулуктарды кайра жаратуу, элдин биримдигин чыңдоо жана жарандык патриотизмди өнүктүрүүгө багытталган.

Андан соң иш-чаранын конокторуна жогоруда аталган мамлекеттик ишмерлердин өмүрү жана тагдыры, азыркы Кыргызстандын калыптануу процесстери тууралуу тарыхый видеоматериалдар көрсөтүлүп, алар катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.

Иш-чаранын жыйынтыгында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча ачык талкуу жана пикир алмашуу орун алды.