Кыргызстандын эл аралык резерви 8,6 млрд долларга жетти

Экономика Загрузка... 27 Январь 2026 11:40
image_z1zG51Q.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. 2025-жылы эл аралык резервдердин көлөмү 69,1 пайызга өсүп, рекорддук көрсөткүчкө — 8,6 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков маалымат жыйында билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери Улуттук банк 134,5 млн доллар өлчөмүндө бир интервенция өткөрдү.

Ошондой эле ал 2025-жылы интервенциялардын жалпы көлөмү 853 млн долларды түзгөнүн белгиледи.