Кыргызстандын эл аралык резервдери 10 млрд долларды түздү

Экономика Загрузка... 24 Февраль 2026 15:15
5.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Учурда Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү болжол менен 10 млрд долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, республиканын эл аралык резервдеринин көрсөткүчү көп жагынан дүйнөлүк рыноктогу алтындын баасына көз каранды.

"Алтындын баасы туруксуз бойдон калууда, ошого карабастан азыркы көлөм Кыргызстан үчүн эл аралык резервдердин рекорддук деңгээли болуп саналат", - деп белгиледи Козубеков.