Кыргызстандын элчиси ЭКУнун башкы катчысына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат Загрузка... 04 Декабрь 2025 09:00
3702308a-7551-31c9-af28-6c6fceac35eb.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) башкы катчысы Ассад Маджид Хан менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар уюмдун алкагындагы өз ара кызматташуунун азыркы абалын жана андан аркы өнүктүрүү келечегин талкуулап, мүчө-мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жана өз ара сооданы кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле уюмдун туруктуу өнүгүү, регионалдык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана экономикалык интеграцияны тереңдетүү боюнча демилгелерин жандандыруу үчүн институттук байланыштарды чыңдоо зарылдыгы белгиленди.

Тараптар ЭКУну биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө мүмкүндүк берген натыйжалуу аянтча катары баалашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ЭКУнун колдонуудагы программаларынын жана механизмдеринин алкагында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Соңунда Кыргызстандын элчиси ЭКУнун башкы катчысына ишеним грамоталарын салтанаттуу тапшырды.